Биз менен байланышыңыз

ФИФА: Кыргызстан курамасы 95-орунга жайгашты

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 642 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтингинде 95-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ФИФАнын  7-февралда жарыялаган рейтингинде Кыргызстан 4 орунга ылдыйлап, 95-орунду алган.

Рейтингди түзүүдө Кыргызстандын Азия Кубогуна даярдануу алдындагы жана мелдештеги оюндарынын жыйынтыгы эсепке алынган. Анда Кыргызстан жалпы 7 беттеш өткөргөн. Анын алтоо расмий болуп, тизме түзүүдө эсептелген. Ал оюндардын экөөсүндө Кыргызстан жеңсе, калган төрт оюнда жеңилип калган.

Ал эми Азия Кубогунда Кыргызстан менен бир тайпада ойногон Кытай 4 орунга (72), Түштүк Корея 15 сапка (38) жогоруласа, Филиппин 7 сапка ылдый түшкөн (123).

Ал эми Азия Кубогун жеңген Катар курамасы 38 орунга өйдө кетип, 55-орунду ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM