Биз менен байланышыңыз

Турускулов: Ипотеканын талаптары оор болуп жатат

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 695 | 0

Өлкөдө арзан турак жай боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын койгон талаптары жарандар үчүн оор болуп жатат. Бул тууралуу “Республика-Ата Журт” фракциясынын төрагасы Жыргалбек Турускулов  билдирди.

Анын айтымында, жарандар арзан турак жай менен камсыз болушу керек. Бул өкмөттүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Өкмөт төрт жыл мурун арзан турак жай менен камсыз кылуу программасын кабыл алып, анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания  түзүлгөн. Бирок компаниянын койгон талаптары жарандарга оор келип жатат. Биринчи төлөмү 10-30  пайыздык өлчөмү дагы жогору болууда. Жөнөкөй 3 жыл иштеген мугалимдин айлыгы 6 500 сом. Насыяны 15-30 жыл иштеген мугалимдер ала алышпайт.

Белгилей кетсек, учурда  “Республика-Ата Журт» фракциясынын жыйында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маселе каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM