Биз менен байланышыңыз

Сирия: Америка аскерлери апрелдин соңунда чыгып бүтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 838 | 0

Сириядагы америкалык аскер базасы ушул жылдын апрелинин аягында толугу менен чыгып бүтөт. Мындай билдирүүнү бир катар америкалык аткаминерлер Wall Street Journal басылмасына кабарлашты.

Анда Вашингтон үчүн биринчи кезекте аскерлерин кыска убакыттын ичинде алып чыгып кетүү маанилүү экени айтылат. Ал үчүн жакынкы апталарда ИШИМ террордук тобунун колундагы акыркы аймактарды бошоткон соң кайтуу иши башталат. Президент Трамп күтүүсүз кадамдарга барбаса эле марттын ортосунда аскерлердин чыгышы кутүлүүдө.

Учурда муну кечеңдетүүчү бир гана себеп бар: Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндөгү күрт түзүмдөрүнө кол салуусу бышык. Күрт коомчулугунун өкүлдөрү ушул тапта Вашингтондо түрктөрдүн кол салуусуна тоскоол болчу план түзүүнү АКШ бийлигинен өтүнүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүүдө.

Анкара болсо күрттөр түзгөн Демократиялык Сирия армиясы Түркиядагы PKK террордук тобунун шериги экенин айтып, кол салууга даярданганын жарыялаган. Бул үчүн Американын аларды колдоп, кызматташуусуна каршы болуп келишет.

«ИШИМ террордук тобун жок кылуу үчүн башка террор уюмун күчтөндүрбөгүлө!»,-деп эскерткени бар.

Кошумчалай кетсек, Сирияга ИШИМ террордук тобу менен күрөшүү шылтоосу менен кирген америкалык аскер базасы соңку жети жылда 2500гө чукулдады. Алар ИШИМ тобун жок кылууда көмөктөшкөн күрт түзүмдөрүн ишенимдүү өнөктөш деп атап, согуштук куралдарга чейин таратып берген.

Copyright © 2017 Maral FM