Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 2018-жылы сырттан карыз алган жок

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 771 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун коллегиялык жыйынына катышты. Анда Ош облусунун 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары талкууланды жана 2019-жылга милдеттери белгиленди.

Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жыл экономика үчүн объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликтүү болду. Негизги жетишкендик катары, республика финансылык жылды тышкы карыз алуусуз жыйынтыктады жана мындан ары карай өлкө жеңилдетилген шарттардагы максаттуу долбоорлорду жана натыйжалуу инвестицияларды гана тартат.

Ал жер-жерлерде коюлган өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын маңызын түшүнүүсү тийиш деп белгиледи.

Ошону менен бирге Абылгазиев аймактардын алдында ирригацияны өнүктүрүү, айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо, жаңы өндүрүштү ишке берүү аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүү, билим берүү жана медицинанын сапатын жогорулатуу тураарын белгиледи.

Өкмөт башчы санариптештирүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларга да токтолуп, аймактардагы тургундар бул иштин актуалдуулугун жана зарылдыгын түшүнүүсү зарыл деп белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM