Биз менен байланышыңыз

БУУнун Конвенциясына 6 млрд сомдон ашык каражат керектелет

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 594 | 0

Жогорку Кеӊеште  Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция Башкы Ассамблеянын 2006-жылдын 13-декабрындагы 61/106 резолюциясы менен кабыл алынып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын аброюн сыйлоого артыкчылык берүү болуп саналат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң адамды түзгөн. Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет. Анын ичинен иш-чараларга – 1 млрд 575 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5 млрд 72 млн сом керектелет.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM