Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 2020-жылы донорлордон 374 млн доллар келген

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 403 | 0

2020-жылы Кыргызстанга донорлордон 374 млн доллар келген. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жылдын башында 700 млн доллардын келиши күтүлүп, кийин бир донор баш тартып, 644 млн долларга түшкөн.

«Келген 374 млн доллар бюджетти колдоого, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана экономика тармагына жиберилген. Жалпысынан 257,7 млн доллар бюджетке которулган. 2020-жылы пландаштырылган кирешелер келбей калгандыктан, биз донорлордон каражат сураганбыз» , — деди Байгончоков.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө АРИС уюму менен биргеликте 16 долбоор ишке ашырылып жатат. Алар таза суу, социалдык инфраструктура жана жайыттар боюнча жалпы суммасы 362 млн долларлык келишимге кол коюлган. Ошол эле учурда 16 долбоордун ичинен 5 долбоордун мөөнөтү быйыл бүтөт.

Ушул жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну башкача айтканда COVID-19га чара көрүү боюнча айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо долбоору парламентте экинчи окууда каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM