Биз менен байланышыңыз

Венесуэлага келген гумжардамдарга жол тосулду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 775 | 0

Венесуэла менен Колумбиянын ортосундагы Лас Тиендитас көпүрө аркылуу байланышкан унаа жолу темир тосмолор менен жабылды. Муну менен Мадуро бийлиги чет мамлекеттерден келген гуманитардык жардамдарды киргизбөө аракетин көрүүдө. Бул тууралуу CNN англис кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, оппозиция лидери, өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдо өлкө эли үчүн сураган азык-түлүк жардамдары чек арага келип, токтоп турат.

Тамак-ашты базарлардан таба албаган өлкө жарандары коңшу Колумбиядан жөө-жалаңдап азык ташууда.

Президент Николас Мадуро: «Биз кайырчы эмеспиз, эч кимдин жардамысыз өзүбүз бутубузга турабыз. АКШ гуманитардык жардам шылтоосу менен биздин ички ишибизге аралашып, жарандык согуш тутантууну көздөөдө»,-деп кайрылган.

Бирок акыркы беш жыл ичинде курчуган тамак-аш жана дары-дармектин жетишсиздиги венесуэлалыктардын жашоосун абдан начарлатып, ар түрдүү оорулардын күчөшүнө да алып келген. Акыркы беш жылда эле акачылыктан качкан 4 миллиондон ашуун жаран өлкөдөн чыгып кетип, ар кайсы мамлекеттерге баш калкалашты.

Мындан улам Мадуронун бийлигине каршы элдик толкундоолор алигүнчө уланып, өлкөдөгү экономикалык, гуманитардык кризиске кошулуп саясий кризис да туу чокусуна жетти.

Copyright © 2017 Maral FM