Биз менен байланышыңыз

Футболду өнүктүрүүгө программа иштелип чыгат

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 719 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү программасынын долбоорун даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө Улуттук футбол федерациясы менен биргеликте Футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну сунуштаган.

Өмүрбекованын айтымында, өкмөт футбол, волейбол, баскетбол жана башка командалык оюндарды өнүктүрүүнү караган Программанын долборун иштеп чыгуусу зарыл. Ал спорттук командалык оюндардын түрүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын, негизги максаттарын, ага натыйжалуу жетишүү ыкмаларын аныктоосу тийиш.  Балдардын сүйүктүү спорттун түрү менен профессионалдуу алектенүүгө мүмкүндүгү болуусу үчүн бардык региондор камтылуусу тийиш.

Ошону мене бирге ал кыргыз футболунун жакшы өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Республикада азыркы учурда 3 лига бар: Жогорку лигада — 8 команда, I лигада – 18 команда жана II лигада 27 команда бар. Мындан тышкары футзал боюнча Суперлига бар – анда 11 команда жана футзал боюнча I лигага 8 команда кирет.

Кеңешменин жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Футбол федерациясы менен биргеликте спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү Программасынын долбоорун иштеп чыгуунутапшырды. Андан соң өкмөттүн кароосуна киргизилмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM