Биз менен байланышыңыз

Астанада көп балалуу энелер митингге чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 659 | 0

Бүгүн Астананын борборунда жүздөгөн көп балалуу энелер тынчтык митингин уюштурушту.  Centralasian  сайтынын кабарлашынча, чогулгандар бийликтен турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууну талап кылышты.

Алардын мындай аракетине Астанадагы өрттөн беш кичинекей кыздын каза болушу себеп болду. Чогулгандардын талаптарынын негизгилери көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылуу, жөлөк пулдарды көбөйтүү, балдарды бала бакчалардагы орундар менен камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу болду.

Митингге катышкандардын айрымдары Эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымованын оставкасын талап кылышты. Нааразы болгон жарандар менен  Астана шаарынын акиминин орун басары Ермек Аманшаев жолугуп, чогулгандарды тынчтыкка чакырып, алардын талаптары «мыйзамдын алкагында» карала турганын билдирди.

Аягында көп балалуу энелер өлкө президентине жолдонгон кайрылуусун окуп беришти. Анда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн  социалдык шартын жакшыртуу боюнча ондогон талаптар жазылган.

Эске салсак, жашоо шартынын начарлыгынан 4-февраль күнү көп балалуу үй-бүлөөнүн ата-энеси түнү менен иштеп жүрүп, үйдө жалгыз калган беш баласы кырсыктап кайтыш болгон. Бул окуя казак бийлиги менен коомчулуктун өлкөдөгү турмуш-тиричилик шарты начар болгон конуштар менен көп балалуу үй-бүлөөлөргө көңүлүн бурдурду.

Copyright © 2017 Maral FM