Биз менен байланышыңыз

Президент: Кесиптик окуу жайларга мамилени өзгөртүү керек

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 507 | 0

Өлкөнүн билим берүү чөйрөсү тышкы жана ички эмгек рынокторунда талап кылынган адистерди даярдашы керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Бишкек шаарындагы № 98-кесиптик лицейге барганда айтты.

Анда өлкө боюнча 98 кесиптик окуу жайы болсо, республикада алардын 74 пайызы, Бишкекте 67 пайызы окуучулар менен толгон эместиги маалым болду. Мектепти бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызы гана ушул кесиптик окуу жайларга окууга өтүшөт.

«Албетте, биздин эл жогорку билимди баалайт, балдарын жогорку окуу жайларда окуткусу келет. Бирок, кесиптик-техникалык окуу жайларына болгон мамилени өзгөртүү керек. Азыр заман тез өзгөрүп, жаңы технологиялар турмушубузга ыкчам аралашууда. Жаштар турмушта өз ордун таап калуу үчүн кесипке ээ болуу да тездикти талап кылууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кесиптик-техникалык окуу жайлар эмгек рыногунда талап-суроосу бар, атаандаштыкка туруштук бере ала турган мына ушундай адистерди даярдоого мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM