Биз менен байланышыңыз

Момбеков министрге кызматтан кетүүсүн сунуштады

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 753 | 0

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге отставкага кетүү сунушу берилди. Мындай демилгени парламенттин 6-февралдагы жыйынынла эл өкүлү Рыскелди Момбеков көтөрүп чыкты.

«Буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев өзүнө  «Lexus»  унаасын сатып алган, андан соң кызматтан алынды. Ушундай эле көрүнүш Траспорт жана жолдор министринин орун басарында кайталанды. Жамшитбек Калилов кызматын тапшырды. Президент качан маселе көтөрөт деп отурбай Космосбек Сариевич отставкага кетесиз»- деди депутат.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев гранттык акчанын эсебинен кымбат жол тандабастарды кызматтык унаа катары сатып алганы ачыкка чыккан.

Парламенттин депутаты Аида Исмаилова медицина тармагында акча тартыш болуп жатканда бул жетекчилердин кылган иш-аракетин аягына чейин териштирип, алардын жоопкерчилигин кароону өкмөт башчысынан талап кыларын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM