Биз менен байланышыңыз

Мурунку министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 1223 | 0

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата март айында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын лоббирлөө факты катталган.

«Учурда иш тергелип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Чолпонбаев 2018-жылы саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылы 1-апрелде кызматынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM