Биз менен байланышыңыз

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев пневмонияга кабылды

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 394 | 0

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ден-соолугу начарлап, Бишкектеги ооруканаларлын бирине жаткырылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал пневмония менен ооруп жатат. Ошондой эле, ооруканага жүрөгү кармап жеткирилген.

Буга чейин К.Чолпонбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматка 2 жолу суракка чакырылган. Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата март айында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын лоббирлөө факты катталган.

К.Чолпонбаев 2018-жылы саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылы 1-апрелде кызматынан бошотулган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM