Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда дене табы жогору аял ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 669 | 0

Жалал-Абадда кечээ, 18-мартта коронавирустун симптомдору байкалган, дене табы көтөрүлгөн аял киши облустук ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, ооруга шектелген аялдан анализдер алынган, учурда жыйынтыгы чыга элек.

Министр ошондой эле, ооруканада ооруга чалдыккан Сузактын үч тургуну дарыланып жаткандыгын, мындан сырткары, алар менен байланышта (контакт) болгон экөө да дарыланып жаткандыгын билдирди. Алардын тапшырган тести оору жуктурган эмес деп чыккан.

Мындай сыркоолорду дарылоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) аныктаган атайын тартип бар, атайын жобо жана алгоритм иштелип чыккан. Бул эрежелердин алкагында дарыгерлер иштеп жатышат, — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM