Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Түштүк аймактагы кырдаалдан улам кошумча 700 орундук уюштурулду

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 685 | 0

Республиканын түштүк аймагында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу дагы кошумча 700 орундук уюштурулду. Жаӊы орундар “Ош” эл аралык аэропортунда дагы ачылууда.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев адамдардын келүүсү кыйла азайгандыктан, аба майданындагы обсервация ресурстарынын болгону 50%ы пайдаланып жатканын билдирди.

Бүгүн, 20-мартка карата коронавируска чалдыккандардын саны – 6 (Сузак жана Ноокат райондорунда);
410 жаран обсервацияда жатат. Обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн  2290 орундук даярдалган.

Кичи Умрадан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 1042 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.
Медициналык жана санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Кыргызстандын аймагына кирүү бекитилген 2 категорияга ылайык ишке ашырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM