Биз менен байланышыңыз

Депутат: Экс-министр Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартуу зарыл

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 913 | 0

Депутат Каныбек Иманалиев парламент жыйынында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү Иманалиевдин айтымында, мурунку министрди коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бергени үчүн жоопкерчиликке тартуу зарыл.

«Бул боюнча прокуратура иликтесин, иштесин. Бул кийинки министрлерге, орун басарларына да сабак болушу керек», — деп кошумчалады депутат.

Эскерте кетсек, учурда парламентте Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат. Ага өкмөт мүчөлөрү катышууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM