Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев кызматынан кетпейт

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 636 | 0

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кырдаал турукташып, жаңы өкмөт башчы дайындалганга чейин кызматтык милдетин аткара берет. Бул тууралуу ал кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Аталган видеомаалыматты Фейсбуктагы баракчасына да жайгаштырды.

Мындай чечимге элдин суранычы боюнча барганын, жергиликтүү эл өкүлчүлүктүн имаратына келип, арызын кабыл албай турганын айтышканын маалымдады. Ошондой эле облустагы бир да бийлик өкүлү алмашпасын, баары кырдаал турукташып, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин ордунда иштей беришерин билдирди. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы элге кайрылуу жасап, чагымчыл күчтөргө азгырылбоого, сабырдуу болууга чакырып өттү.

Эскерте кетсек, Балбак Түлөбаев бүгүн кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу маалымдап, арыздын сүрөт көчүрмөсүн жарыялаган болчу.

Брифинг главы Иссык-Кульской области Балбака Тулобаева

Опубликовано Полномочное представительство Вторник, 6 октября 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM