Биз менен байланышыңыз

Депутат жаӊы энергетикалык кубаттуулукту киргизүү ишке ашпай жатканын сындады

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 486 | 0

Жаӊы энергетикалык кубаттуулукту киргизүү жөнүндө убада кылынганына карабастан, ал ушул кезге чейин ишке ашырылган жок. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев энергетикалык тармактын абалы, келечеги жана аны өнүктүрүү боюнча маселе каралган жыйында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тезинен тендер жарыялап, заманбап жабдууларды сатып алышы керек. Алдын ала болжолго караганда, быйыл суу аз болот.  Азыркы жетекчилер кетет, каржы таӊсыктыгы кала берет, аны менен кошо милдеттенме да аткарылбай калат. Бул багытта азыртан иштиктүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Эгерде жаӊы энергетикалык кубаттуулук ишке киргизилбей турган болсо, энерготармактын жетекчилери отставкага кетиши зарыл. Алардын айынан келечек муун энергиясыз калып отурат.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт деле ал маселе боюнча тынчсызданып турганын, бул багытта иш жүргүзүп жататканын кабарлады. Ошону менен бирге энергетика тармагына жаӊы кубаттуулукту киргизүү жаатында көптөгөн каталар кетирилгенин, азыр абайлап иш кылып, аны аягына чыгарыла турганын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM