Биз менен байланышыңыз

Кемчилик кетирген жетекчилерге чара көрүлөт

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 533 | 0

COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилик кетирген жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

-Силердин ар бириңердин ишиңерден, жоопкерчиликтүү мамилеңерден, коюлган милдеттерди сапаттуу ишке ашыруудан, аларды аткарууну көзөмөлдөөдөн жарандарыбыздын саламаттыгы жана өмүрү көз каранды. Дагы бир ирет кайталайм, ишиңерде эч кандай калпыстыктар жана кемчиликтер болбоого тийиш.  COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилдик кетирген жооптуу адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт, — деди Боронов.

Ал, мындан сырткары, жергиликтүү бийлик органдары коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактоону көзөмөлдөп, коомдук унааларга жана таксилерге өзгөчө көңүл буруулары керек экендигин эскертти.

-Мендеги маалымат боюнча кафелерге келген адамдардын ортосунда аралык сакталбай жатат, ал эми такси айдоочулары беткап тагынбай иштеп жатышат, — деди вице-премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө «Чалдыбар – Автожол» өткөрмө жайынын иши, калкты сасык тумоого каршы эмдөө, медицина кызматкерлеринин потенциалын арттыруу, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринде инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү маселелери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM