Биз менен байланышыңыз

Кутманова: Экология салык салуу менен корголбойт

Күн чекит | 2 мая 2019 | 755 | 0

Айлана-чөйрөнү жана атмосфераны булгоону кыскартуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев демилге көтөрүп чыкты. Анда ал экологияны булгануудан сактоо максатында бензин жана дизелдик отунга кошумча төлөм алууну демилгелеп жатат. Биз бул теманын тегерегинде эколог Динара Кутманова менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

 Марал: — Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев айлана-чөйрөнү жана атмосфераны булгануудан сактоо максатында дизелдик отунга, бензинге кошумча төлөм алууну демилгелеп жатат. Буга негиз барбы? Демилге колдоо тапса, экологияга канчалык деңгээлде таасир этет?

Кутманова: — Буга чейин деле көп эле сумманы айтып, котордук деп эле келишкен. Бул жаңы сунушталып жаткан долбоор аркылуу деле мыйзамдуу түрдө каражат мамлекеттин бюджетине түшүп, абанын тазарышына кам көрүлөт деп айтуу кыйын. Бүгүнкү күндө экология маселеси чынында коркунучтуу абалда турат. Бирок, абаны булгагандарга салык салуу менен табиятты жакшырта албайсың. Унаасы барлар мамлекетке, «Айлана-чөйрөнү, аба ырайын булгап жатат», — деп акча төлөсө, ал түзмө-түз экологияны коргоого жумшалабы? Негизи абаны тазалаганга каражаттарды чогултабыз, өлкөнү тазалайбыз дешет, бирок, ириде мамлекетке кирип жаткан товарды көзөмөлдөбөй жатышат. Мисалы, күйүүчү май чет өлкөдөн аткезчилик жол менен кирет. Албетте, андан жаман зат бөлүнүп чыгат да. Эски унааларды алып киришет, ал да туура эмес. Аларды карашпай эле долбоор сунуштап, «салык төлөй» кал деген кадам экологияга эч качан пайда алып келбейт. 

Copyright © 2017 Maral FM