Биз менен байланышыңыз

Боронов: Өпкөсү сезгенген бейтаптардын көбөйүшү кырдаалды курчутту

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 683 | 0

Республикада эпидемиологиялык кырдаал өтө оор болуп турат. Акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны көбөйүп, айрым учурда 500гө чейин жетүүдө. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту.  Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, мунун баары коронавирус инфекциясынын жана өпкөнүн сезгенишинен улам жарандардын күнүгө каза болушуна алып келди. Ошондой эле күн сайын элди дарылоо үчүн жаңы орундарды түзүп, күндүзгү стационарларды ачып жатабыз. Мындай кабыл алуу борборлору Бишкек шаары менен Чүй облусунда гана ачылбастан, өлкөнүн бардык аймактарында түзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө бул ишке кайдыгер эмес жарандар стационар үчүн имаратын берип, медицина кызматкерлерине тамак-аш ташып, финансы каражаттарын чогултуп, жетишсиз болуп жаткан медициналык аппараттарды сатып берүү менен жардам берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM