Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыгына айыпталган 6 милиция кызматкерине жаза берилди

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 472 | 0

Мас абалда жол кырсыгына айыпталып 6 милиция кызматкерине жаза берилди. Бул тууралуу Бишкек ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов айтты.

Анын белгилешинче, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчыларына тартиптик чара колдонулду. Териштирүү иштери жүрүп, жетекчилерге сөгүш жарыяланып, айрымдары кызматтан четтетилди. Анын айрымдары акыркы 2 жылда кылмышты аныктоо боюнча алдыңкы орундарда болгонуна карабастан, жоопко тартылганын да айтты.

Эскерте кетсек, 21-январда 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, аягы өлүм менен коштолгон. Анда унааны башкарган милиция кызматкеринин мас абалында болгондугу аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM