Биз менен байланышыңыз

Футболчу Саланын денеси табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 545 | 0

Аргентиналык футболчу Эмилиано Саланы Англияга алып бараткан учактын деңиз астындагы сыныгынан адамдын денеси чыкты. Бул тууралуу британиялык аба кырсыктарын изилдөө борбору (AAIB) кабарлады.

Маалыматка ылайык, узактан башкарылуучу суу астын изилдөөчү аппарат Ла Манш кысыгында 67 метр тереңдиктен учактын сыныгын видеого тарткан. Сыныктын ичинен адамдын денеси көрүнүп турган. Учурда мындан аркы кадамдар тууралуу чечим чыга элек. Футболчу менен учкучтун үй-бүлөөлөрү менен кеңешүү жүрүп жатат. Ага ылайык денени алып чыгуу иши каралат.

Кырсыктаган учакта Эмилиано Саладан башка 57 жаштагы пилот Дэвид Ибботсон гана бар болчу.

21-январда болгон окуяны изилдөө иштери натыйжасыз болуп, учак табылган эмес. Кчан гана кысыктын Франция жээгинен учакка тиешелүү эки жаздык табылганда издөө иштери кайрадан улантылды.

Кайра башталган изилдөөнү футболчунун үй-бүлөөсү демилгелеп, ага ыктыярдуу кишилер, арасында белгилүү футболчулар каражат бөлүп, жалпысынан 420 миң доллар сарпталды.

Эске салсак, Эмилиано Сала франциялык «Нанта» клубунан англиялык «Кардифф ситиге» кырсыктан бир күн мурда өтүү тууралуу келишимге кол койгон болчу. Ал клубдун эң мыкты чабуулчусу болуп, трансфери 15 миллион долларга бааланган. Жаңы клубуна «Нантанын» ээсинин жеңил кыймылдаткычтуу учагы менен бараткан жолдо аварияга дуушар болду.

Copyright © 2017 Maral FM