Биз менен байланышыңыз

Кыргыздын «Сапатына» түрк бийлигинин тиши өтөбү?

Блог | 4 Фев 2019 | 986 | 0

2013-жылы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен уулу Билал Эрдоган жана төрт министри менен уулдарына арам кекиртектик боюнча кылмыш иши козголгонго чейин “Сапат” билим берүү ишканасына “Дело№” гезити гана тийишип келген.

Убагындагы салабаттуу журналистикадан кайтып, тез өңсө да “өтө кызыл” ушакка качырып калган “Дело”, жыл сайын Фетхуллах Гүлендин Кызмат кыймылына эзелтен тиш кайраган мурунку түрк полис төбөлдөрүнүн биринин китебинен алымты менен тээ атам заманда “Сапаттан” айдалган окуучунун апыртмаларын чыгарчу.

Сары басылманын бети кызарбай, ушул эки “булакты” колдонуп, үрөй учурган темаларды коюп, орустар айтмакчы жыл сайын “весенний обострениеси” башталчу.

***

Түрк бийлиги 2013-жылкы паракорлугун миңдеген тергөөчү полис, прокурор жана сотту жубайлары жана бала-чакасы менен бирге абакка солоп, жаап калды. Андан кийин баш көтөргөндөрдүн баарынан биротоло кутулуш үчүн 2016-жылы жайында жасалма аскердик төңкөрүш аракетин уюштурду.

Төңкөрүш аракетин Эрдоган өзү уюштурганы бир факт менен гана опоңой далилденет. Ал түнү аскердик училищанын курсанттарын көчөгө чыгууга, жана бирин-экин учактарды учууга буйрук берген генералдар макамынан жогорулап, сыйлык алды. Тесекерисинче, Тайып Эрдоганды жерде жана абаада коргоп, төңкөрүш аракетине тоскоол кылган офицерлер “фетхуллахчылар” атагып түрмөдө. Ким-ким менен сүйлөшүп, бул ыпылас ишке барганы миңдеген фактынын бири болгон ушул окуядан эле кашкайып билинип турат.

Бул “аскердик төңкөрүш аракетинен” кийин Эрдогандын мыйзам өкүмүндөгү токтомдору (МӨТ) менен 125 800 киши жумуштан айдалып, паспорттору жокко чыгарылып, 70 миңге жакыны абакка солонгон. Алардын 17 миңден ашыгы кыз-келиндер. Жаңы төрөлгөн жана алты жашка толо элек 700дөн ашык бөбөк да энелери менен бирге камалган.

Эң кызыгы, камалган түрк жарандарынын көбү университет жана мектеп мугалимдери. Жогорудагы 126 миңге жакын кишинин 98%дан жогорусу бакалавр, магистр жана илим докторлору.

***

Эрдогандын кылмыштуу режиминин чыныгы жүзү билимге карата мамилесинен даана көрүндү. Шайлоодо кимди пайдаланып, кимди сатыш керек экенин билип туруу үчүн түрк бийлиги дайыма жашыруун сурамжылоо жүргүзүп турат. Алардын натыйжасы тууралуу кеп болгондо, мурунку энергетика министри Танер Йылдыздын оозунан “калк канчалык билимдүү болсо, бизге берген добуш ошончолук азаят экен” деген сөз чыгып кеткен.

Түрктөрдүн чалгын кызматы MIT’тин филиалына айланып, түрк экономикасы катаалдашса да жыл сайын бюджети өсүп жаткан дин иштери башкармалыгы ДИАНЕТ январдын этегинде “Пайгамбар жана жаштар” аттуу китеп чыгарган. Анда “жогорку билим менен диндарлык бири-бирине карама-каршы” деген “илимий” тыянак берген. Бул китеп бюджеттен чегерилген миллиондогон акчага басылып, бекер таркатылып жатат.

Мурун дин кызматкерин даярдаган атайын окуу жай болгон Имам хатиб лицейлери учурда кадимки мектепке айланып, 2018-жылы билим берүү бюджетинин 23 пайызын алган.

Барган сайын ортодокс жана наадан диндарлыкка ыктаган түрк бийлиги акыркы 16 жылда билим берүү системасын 14 ирет олуттуу өзгөрткөн. Мунун кесепетинен улам билим берүүнүн сапаты жыл санап түшүп барат.

Диндарлыкты формалдуу карманган мындай билим берүү жетекчилигинин абийирсиздиги да түрк коомун дүрбөтүп келет. 2016-жылы мартта “Энсар” фондунун мугалими Мухаррам Бүйүктүрк 9-10-жаштагы 45 окуучусун бузуп, зордуктады деп айыпталган. Буга Тайып Эрдогандын ал кездеги Үй-бүлө министри Сема Рамазаноглу “бир жолкудан эч нерсе болбойт” деген. Ошондон бери мындай окуялар түрк коомчулугунан жашырылып келет.

Бул фактыларды көргөндө Орусия президенти Владимир Путиндин “Кудай түрк бийлигин катуу жазалады – алардын акылын алды” деген сөзү ойго келет.

***

Учурда “Сапат” билим берүү мекемесине жалаа жабуу эстафетасын “Дело№” гезитинен бир нече “сары” интернет сайттары алган. Окулушун жогорулатуу максатында аптасына эки-үч белден ылдый маселелени козгоп турган интернет ресурстарына “Сапат” жөнүндө далилсиз куру дооматтар чыга баштады. Күн жылымыктап, кээ биринин параноясы быйыл жаздан мурун козголгон сыяктуу.

Бул сайттар Тайып Эрдоган Кыргызстанга акыркы жолу келгенден кийин башкача жанданып, аптасына «Сапат» тууралуу 2-3 макала чыгарып келет. Түрк элчилигинин кээ бир кызматкери кыргыздын сары медиа-ресурстары аркылуу ажосуна конкреттүү натыйжа бергенге аракет кылып жаткансыйт.

Ыплас акча берип башкарган, аны таркатып жалдаган, акчаны алып жалданган нажас көөдөндөрдөн таза, туура жана пайдалуу маалымат менен пикир чыгышы мүмкүн эмес. Муну кыргыз серепчилери менен коомчулугу жакшы билгендиктен, бир да абройлуу медиа-ресурс “Сапатка” каршы буйрутма материалдарды чыгарбай келет.

***

Ал арада Тайып Эрдоган куйрукары менен бирге мактап келген “Маариф” билим берүү фонду Кыргызстанда алгачкы окуу жайын ачуу камында. Бул мектеп Түркиянын билим берүүсүнүн жогорудагы вирустары жукпаган, окуучуларын түрк ажоосунун этегине намаз окутпаган ийгиликтүү билим берүү очогу болот деген үмүттөбүз.

Эсен Өмүракунов, «Саресеп» коомдук-аналитикалык сайтынын редактору

***Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт

Copyright © 2017 Maral FM