Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футзал боюнча командасы литвалыктарды жеңди

Кыска кабар | 3 Фев 2019 | 850 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы литвалыктарды жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Кыргызстандык курама 2020-жылы өтө турган кубоктун тандап алуу турларына даярдык көрүүдө. Ошол максатта Литванын Пренай шаарында болуп, жергиликтүүлөр менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Алгачкы беттеш 2-февралда болуп, анда кыргызстандыктар 6:2 эсеби менен утушка ээ болду.

Экинчи оюн 3-февралда Бишкек убактысы боюнча 20:00дө орун алмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM