Биз менен байланышыңыз

Европа Иран менен кызматташуунун жаңы жолун тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 668 | 0

Франция, Германия жана Англия өкмөттөрү АКШнын санкцияларына дуушар болбостон Иран менен кызматташууну улантуунун жолун талкуулашты. Бул тууралуу Euronews жазды.

Европалык компаниялар Американын Ирандын банктарына салган санкцияларына кабылбастан өз өндүрүштөрүн сатуусу үчүн орток INSTEX (Instrument in Support of Trade Exchanges) төлөм механизмин ишке киргизди. Мында компаниялар соода сатыкты банктардын ортомчулугусуз, атайын түзүмдүн жардамы менен ишке ашырышат. Ошондой эле ирандык мунайды сатып алуу үчүн каражатты банктар аркылуу эмес, ортомчу компания аркылуу жөнөтүшөт.

INSTEX офиси Парижде жайгашып, башчылыгына Германиядагы Commertzbankтын мурунку директору Пер Фишер дайындалды. Эми бул система бир нече айда иштей баштайт. Ага чейин фирманын бюджети аныкталып, Иран дагы ортомчу компанияны түптөшү керек.

Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи өлкө европалык онөктөштөрүнүн бул кадамын жылуу кабыл алганын билдирди.

Эске салсак, Вашингтон Иранды өзөктүк согуш куралдарын чыгарууга айыптап, аны менен түзулгөн келишимден чыгып кеткен. Ошондой эле Ирандын мунайына жана банк системасына бир катар санкцияларды киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM