Биз менен байланышыңыз

Былтыр өлкө боюнча 6 миң жумушчу орун түзүлдү

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2019 | 664 | 0

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата былтыр республиканын аймагында жалпы 6 миң жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аймактарга экономикалык шарттарды түзүү негизги максаттардын бири болгон. Былтыр жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү боюнча 5 мыйзамга өзгөртүү киригизилген. Ошондой эле жер бюджеттин финансылык-экономикалык абалын жогорулатуу боюнча мыйзамдарга да өзгөртүүлөр кирген.

Эми айыл өкмөттөрдүн каражатынын 70% жергиликтүү бюджетке калат. Дотацияда турган аймакка ачылган ишкана салыктын 4 түрүнөн бошотулат.

«Салык кодекси боюнча да өзгөрүүлөр кирүүдө. Дотациядагы аймактарды 5-10 жылга чейин салыктан бошотуу каралып жатат. Мындан сырткары логистикалык борборлорду да салыктан бошотуу каралууда. Жегиликтүү бийлик өкүлдөрүн баалоо критерийлери да көрсөтүлгөн, эми аларга баа берилет», — дейт Иманалиев.

Анын билдиргенине карганда, региондорду өнүктүрүүдө ишкерлерди аймактарга тартуу иштери каралууда. Экспортко багытталган ишканаларды төмөнкү пайыздык насыя акча менен камсыздоо каралган.

«Орто жана чакан ишкерлер үчүн финансы каражаттар жеткиликсиз болчу. 2018-жылы аларга каражат бөлүүгө артыкчылык берилди. «Кепилдик» фонду, «Кыргыз-Орус өнүктүрүү» фонду, «РСК», «Айыл банк» аркылуу 30 млрд сомдой насыя каражат региондордогу ишкерлерге берилген. Бул башка жылдарга салыштырмалуу 6 млрд сомдон көп болду. Ар бир тармак боюнча региондорго акча жумшалып келет. Инфраструктураны өнүктүртүүгө каралган капиталдык салымдардан сырткары кошумча 2 млрд сом бөлүндү», — дейт Иманалиев.

Copyright © 2017 Maral FM