Connect with us

Карамушкина: Президентти сындагым келбейт, ал кантсе да партиялашым

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 1037 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековду сындагым келбейт, ал кантсе да партиялашыбыз. Жээнбековго эмне болсо дагы партия жооп берет. Анткени ал КСДПдан расмий түрдө чыга элек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал өз сөзүндө депутаттар коомго үлгү болушу керек экенин белгиледи. Мындан сырткары Жогорку Кеңеште 120 депутат калып иштеши үчүн эл өкүлдөрүнүн бирден жардамчылары, унаалары жана айдоочулары кыскартылганын айтып өттү.

Карамушкина 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук биринчи каналдын Байкоочу Кеңешинин мүчөлүгүнө добуш берүү учурунда болгондорду жийиркеничтүү окуя катары баалады.

«Тилекке каршы, кечээ парламентте болгон башаламандыкка каршы турууга күчтүү оппоцизия жок болду. Чындыкты айткым келет, мен баарын таштап чыгып кеттим. Анткени чыдап отура аларыма көзүм жеткен жок. Алгач Чынара Капарова өттү. Бирок кесиптеишм Асылбек Жээнбеков кеч калып пайда болду. Анын келиши менен «дежур» депутаттар шайлоонун биринчи этабы туура эмес өткөнүн айтып чыгышты», — дейт Карамушкина.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 30-январда КТРКнын байкоочу кеңешинин бир бош орунга мүчөнү шайлоо маселесин карап, талкуу 5 саатка созулган. Түшкө чейин жүргөн добуш берүүдө Чынара Капарова 79 упай менен шайланган. Депутаттар рейтингдик добуш берүүдө регламент бузулганын айтып, токтомду жокко чыгарышкан. Кийинки жолу добуш бергенде 77 добуш менен Атыргүл Сарыбаева шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM