Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиясы коррупциядан 106 млрд доллар өндүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 568 | 0

Сауд Аравиясында бир жарым жыл мурда башталган коррупцияга каршы операциясы аягына чыкты. Анын натыйжасында 106 миллиард доллар казынага өндүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын октябрында Падышалык сот арасында 11 ханзаада жана төрт министр болгон жүздөн ашуун адамды кармап кеткен. Алар коррупциялык иштерге аралашууга айыпталышкан. Бул операция менен бир катар министрдин кызматы соңуна чыккан.

Коррупцияга каршы түзүлгөн комитеттин башында мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман туруп, жалпысынан, күбөлөрдү кошкондо 381 киши сотко чакырылган.

Шектелгендерден кээ бирөөнүн айыбы далилденип, жазага тартылса, башкалары жеңил кылмыштары үчүн айыппул төлөшкөн.

Соттолгондордун арасында дүйнөнүн эң бай кишилеринен болгон ханзаада Валид бин Талал да бар болгон.

Эске салсак, бин Талал Тwitter, Apple, Citygroup, New’s Corp сыяктуу ири компанияларда үлүшү бар. Forbes журналынын маалыматына таянсак, анын мүлкү 17 млрд долларды түзөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM