Биз менен байланышыңыз

Жаңы дайындалган министрлер ант беришти

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 491 | 0

Жаңы дайындалган финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеңеште ант беришти. Ага президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышты.

Мамлекет башчысы жаңы өкмөт мүчөлөрүн ант бериши менен куттуктап, ант берген министрлер буга чейин жооптуу иштерде иштеп, аздыр-көптүр тажрыйба топтогондорун, тажрыйбасын жана билимин колдонуп, эл күткөн ийгиликтерди алып келерине ишенгенин белгиледи.

— Үч бийликтин бутагы эриш-аркак, биргеликте иштесе, мамлекетибизде сөзсүз түрдө алдыга жылуу, ийгиликтер болот. Ушул жыл эли-жерибизге жакшылыктарды гана алып келсин, өлкөбүздө ынтымак жана биримдик болсун, — деди президент.

Кошумчалай кетсек, Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева өткөн жылдын 13-декабрда, Жанат Бейшенов быйыл 25-январда Транспорт жана жолдор министри болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM