Биз менен байланышыңыз

Прокурор: Бир жаран кен тармагындагы 41 лицензияга ээлик кылган

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 473 | 0

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, кен тармагына тиешеси жок болгон, көп жылдары милиция кызматкери болуп, андан кийин жеке күзөт ишканасында иштеген Э.Жумаев аттуу жаран аянты 400 миң гектардан ашык болгон 41 лицензияга ээлик кылып келген. Анын ичинен 8 лицензиясын жалпы 630 миң АКШ долларга жаңыдан түзүлгөн 8 компанияга зайым келишимдердин негизинде күрөөгө койгон. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Текшерүүдө аталган лицензиялардын чыныгы ээси болуп, Британ Виргин аралдарында, башкача айтканда оффшордук зонада катталган компания экендиги (J.G.C.) аныкталган.

Аталган 8 компания Кыргызстандын пайдалуу кендеринин запастары боюнча Мамлекеттик комиссиясынын мурдагы мүчөсү А.Карасартов тарабынан уюштурулган. Жогоруда айтылган 630 миң АКШ доллар факт жүзүндө өткөндүгү боюнча эч кандай тастыктоочу документтер, жада калса, атайын түзүлгөн компаниялардын эсебинде жетиштүү финансылык каражаттары да жок экендиги аныкталган.

Прокурордун айтымында жер казынасын пайдаланууну жөнгө салган мыйзамдарда катачылыктар бар экенин да айтты.

-Эгерде чет өлкөлүк катышуусу бар лицензиат жер казынасын пайдаланууга укугу бар лицензиясын башка бир түрүнө өткөргөн учурларда, лицензиянын акыркы менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу жагы Мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Мындай жагдайларда, чет элдик катышуусу бар компаниялар өздөрүнүн чыныгы менчик ээлерин ачыкка чыгарбай, мамлекеттик коопсуздукка жана экономикалык кызыкчылыктарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн, — деди ал.

Кошумчалай кетсек, 30-январда Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, анда тоо-кен байлыктарын иштетүү боюнча маселе талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM