Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда кен байлыктан жылына 80 млрд сом пайда тапса болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 800 | 0

Кыргызстан кен байлыктын 20 түрүнөн болжолдуу 80 млрд сомдон ашык таза пайда тапса болот. Бул тууралуу Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тоо-кен тармагын жакшыртуу үчүн кен байлыктар боюнча мыйзамдарды өзгөртүү зарыл. Лицензияларды колдон колго сатууга уруксат берилбеши керек. Мындан сырткары бир жерге бир нече кендин түрүнө лицензия берилбөөгө тийиш.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин кен байлыктарды иштетүү боюнча инвесторго алгач лицензия берип, долбоор жасатып экспертиздан өткөргөн соң «эми эл менен өзүң сүйлөшүп ал» дегени туура эмес. Кыргызстанда ушундай механизм түзүлүп калган. Ошондуктан жер казынасы боюнча мыйзамга өзгөртүү киригизүү зарыл.

«Тоо кенчилер кен байлыктарды өндүрүүгө келген компанияга лицензия берерден мурда эл менен макулдашып, келишим түзгөн сон гана долбоор жасатып, экспертизадан өткөрсө… Ошондо ган долбоорлор ишке ашат. Бизде лицензияны алып кен казыбай кармап тура беришет. Андыктан «Кыргызалтын» ишканасынын базасында тоо-кен тармагындагы өндүрүшчүлөрдү тескеген мекеме түзүү зарыл», — дейт Камчыбеков.

Copyright © 2017 Maral FM