Биз менен байланышыңыз

«Депутаттардын кен байлыктарга аралашканы туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 762 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары кен байлыктарды казуу үчүн көп лицензияга ээ болуусу — нормалдуу көрүнүш эмес. Буга чейин бир лицензияны 300 сомго сатып алып, аны 5 млн долларга сатам деп жүргөндөр болгон. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, кеңдер Кыргызстандын элинин байлыктары болгондон кийин терс көрүнүштөрдү токтоду керек. Өзгөчө депутаттардын кен байлыктарды казууга көп лицензия сатып алгандары туура эмес. Эгерде эл өкүлү иштебеген лицензиясы болсо, анда мамлекетке өткөрүп берсин.

-Мыйзам чыгаруу менен бизнес кылуу болбойт. Депутаттык — оор жана жоопкерчиликтүү кесип. Ал депутат эгерде бренд ачып, башкаларга жардам берсе, башка нерсе. Ал эми Кыргызстандын ичиндеги кен байлыктарга аралашканы туура эмес.

Эске салсак, Кыргызстанда бир киши эки жыл ичинде алтын кендерин иштетүү үчүн 41 лицензия алган. Лицензия берилген кендердин жалпы аянты 400 миң гектарды түзөт. Ошону менен бирге депутат Азамат Арапбаевде кен казуу боюнча 12 лицензиясы бар экени да айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM