Connect with us

«Жерүй»: Мамлекеттин үлүшсүз калуусу кайрадан талкууда

Саясат , Экономика | 17 Мар 2021 | 3610 | 1

Бүгүн, 17-мартта Талас районундагы «Жерүй» кенинин алтынын иштете турган фабриканын ачылышы болду. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеринде, Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышты.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары «Бакубат Талас» фондуна 2 миллион доллар бөлүнүп турат. Анын эсебинен социалдык жактан аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп, социалдык обьектилер да курулары айтылды.

Бүгүн президент Жапаровдун Таласка келишин утурлай, Кара-Ой айылынын 100гө жакын тургуну «Жерүй» кенине бара турган жолго чогулду. Жергиликтүүлөр «Жерүй» кенин иштетүүдө кенге жакын айылдардын калкы жапа чеккенин, андыктан түшкөн пайданын кандайдыр бир өлчөмүн кенемте катары берип туруусун талап кылышкан. Ошол эле учурда Садыр Жапаров эл менен жолугушуп, талаптарын укканы, нааразы тараптан үч адамды өзү менен кошо ала кеткени кабарланды.

Фабриканын ишке кирүүсү менен көп жылдан бери иши башталбай келген «Жерүйдөгү» алгачкы алтын куймасы өндүрүлөт. 2015-жылы кенди иштетүү укугун Орусиянын «Восток геолдобыча» компаниясы аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатып алган. Буга байланыштуу «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компания кенди иштетүү үчүн 2035-жылга чейин лицензия алган.

Кыргызстандагы тоо-кенчилер жана эксперттер кенди иштетүүдө түзүлгөн келишимдерде мамлекеттин кызыкчылыгы корголбой калганын айтышат. «Жерүйдүн» лицензиясы 100 млн долларга сатылганы менен андан мамлекет 1% да үлүшү жок калган. Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлү Дүйшөнбек Камчыбеков кендеги эки тараптын кызыкчылыгын азыртан бир столдо отуруп сүйлөшүп алуу зарыл экенин белгилейт.

— «Жерүй» өлкөдө алтын кору боюнча «Кумтөрдөн» кийинки экинчи орунда турат. «Жерүй» да «Кумтөрдүн» тагдырын кайталап калбашы үчүн келишимдерди азыртан карап чыгуу керек. Буга азыр мүмкүнчүлүк бар. Коомчулукта берилип жаткан: «Кенде мамлекеттин үлүшү болушу керекпи?» — деген суроону бир жагына чечип алышыбыз керек. Антпесе, жыл өткөн сайын бул сыяктуу маселелер көтөрүлө берет. Кезинде «Алтын альянстын», «Орус платинасы» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен сүйлөшкөнбүз. Алар сүйлөшүүгө макулдугун берген. Бул боюнча ошол кездеги премьер-министр Абылгазиевге айтканбыз. Бирок, саясий өңүттө аны кароодон чочулашкан. 

«Жерүй» 1992-жылдан бери 10дон ашык инвестордун колунан өтүп, бирок иштетилбей келген. Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын жетекчиси Ишимбай Чунуев азырынча компаниянын кенди иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек деген пикирде.

— Учурда алтындын баасы өсүп жатат. «Жерүй» азыр ишин баштап, бир жылдай бутуна турсун. Бирок кези келгенде компания менен сүйлөшүүгө барып, үлүшкө ээ болуп, же болбосо кошумча салык аркылуу мамлекет ала турган кирешелерди көбөйтүү керек. Ага чейин маселени тыкыр иликтеп чыгуу керек. «Кандай болгондо Кыргызстан жетиштүү киреше алат? Кайсы ыкма менен утат же утулат?» — дегендей. Чыныгы аналитик, эксперттер карап чыгышы керек. Сүйлөшүү жолу менен көп нерсени чечсе болот. 

Талас шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. 2016-жылдагы расмий маалыматка ылайык, ал жерде 88 тонна 231 килограмм алтындын, 24 тонна 349 килограмм күмүштүн запасы бар. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда «Кумтөрдөн» кийинки орунда турат. Саясат талдоочу Айданбек Акматовдун айтымында, кен чет өлкөлүк инвесторлорго коррупциялык жол менен берилип, анда өлкөнүн кызыкчылыгы экинчи орунда калган.

— «Жерүй» кенин иштетүү — Кыргызстан үчүн маанилүү долбоорлордун бири болуп калышы керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Кенде Кыргызстандын 1% да үлүшү жок. Бардыгы Атамбаевдин доорунда 100 млн долларга сатылып кеткен. 4-5 млрд долларлык алтынды 100 млн долларга сатып жиберишкен. Мисалы, Өзбекстанда бардык кендер мамлекеттин карамагында. А биз бардык кендерди коррупциялык жол менен сатып, мамлекетибиз эң оор абалда калды. Болбосо, бул алтын кендер экономикабызга трамплин болуп бере турган чон булак болчу. Кенден майда-чүйдө салыктар түшүп, чон кирешелер сыртка агылып кетип жатат. Ошол эле учурда биздин мамлекет ар кайсы өлкөлөргө барып тилемчилик кылат. Бюджетте дефицит. 

Алгач кенди тендердик негизде берүү каралган. Сынакка Орусиянын «Восток-геолдобыча» ААКы, жана «Кыргызалтын» ААКы катышып, аны иштетүү укугу орусиялык компанияга берилген. Өз кезегинде жергиликтүү ишканага артыкчылык берилбегенине нааразылыгын билдиргендер болгон.

Copyright © 2017 Maral FM