Биз менен байланышыңыз

Жоголгон футболчу Саланын учагынын жаздыктары табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 536 | 0

Франциянын деңиз жээктеринен учакка таандык эки жаздык табылды. Булар өткөн аптада Франциядан Англияга баратып, Ла Манш кысыгынын үстүндө дайынсыз жоголуп кеткен аргентиналык футболчу Эмилиано Саланын учагына таандык болушу мүмкүн.

Бул тууралуу франциялык издөө тобу жарыялаган соң англиялык топ учакты жаздыктар табылган тегеректен издөөнү башташты. Ал үчүн деңиз астынан 4 квадрат миль аймакты белгилешти. Учакты жана анын ичиндеги спортчуну издөө иши кеминде үч күндү алуусу күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, буюмдар табылган жер учактын радардан акыркы кез байкалып, жоголгон аймагына туш келүүдө.

Эске салсак, аргентиналык футболчу Эмилиано Сала франциялык «Нанта» клубунан англиялык «Кардифф сити» командасына өтүү тууралуу келишимге бир күн мурда кол койгон болчу. Ал командалаш достору менен коштошуп, клубдун ээсинин жеке менчик учагы менен Англияга карай сапар алгандан жарым саат өтпөй учак конууга уруксат сураган. Ошол бойдон ичинде спортчудан башка эки кишиси менен учак дайынсыз болууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM