Биз менен байланышыңыз

Опера жана балет театрынын директору кызматтан кетти

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 822 | 0

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Аталган буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Болот Осмонов кызматтан кетүү боюнча өзү арыз бергендиги да маалымдалган.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Dota 2 аталышындагы компьютердик оюндун финалы өткөн. Бул оюндун театрда өткөнү коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жетекчиликтин мындайга жол бергенин туура эмес деп баалап, чара көрүлөрүн айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM