Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Шанхай саммитинин алдында өлкөдөгү маанайды бузгусу келгендер бар

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 687 | 0

Бүгүн, 30-январда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай саммитин өткөрүүгө тоскоолдуктар болуп жатканын айтты. Анда ал маанилүү иш-чаранын алдында өлкөдөгү маанайды бузгусу келгендер бар экенин белгиледи.

«Быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити Кыргызстандын төрагалыгынын астында Бишкекте өтөт. Бул эл аралык иш-чаранын астында өлкөдөгү маалыматтык маанайды бузгусу келген күчтөр бар. Аны баарыңар көрүп, билип жатасыңар»,- деп белгиледи Президент.

Ошондой эле баардык өлкөлөр башкача айтканда Кытайга чектешпеген өлкөлөр да Кытайдын өнүгүү темпин эсепке алуу менен өзүнүн экономикалык саясатын жүргүзүп жатат жатканына токтолду.

Мындан сырткары Кытай менен болгон чектештикти өнүгүү үчүн жагымдуу шарт катары пайдалануу керектигин белгилеп, тышкы саясатка кылдат мамиле кылуу зарылдыгын айтты.

Атайын провакация уюштургандарга жол берилбестигин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 30-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда тоо-кен тармагы боюнча маселелер каралды.

 

Copyright © 2017 Maral FM