Биз менен байланышыңыз

Баткен: Жарыгы жарыбаган конуштар

Коом | 30 Янв 2019 | 639 | 0

Баткен шаарынын айрым жаңы конуштарында, кварталдарында электр жарыгы өтө начар. Бул көйгөй айрыкча кыш мезгилинде күч алат. Электр энергиясы аз болгондуктан тиричилик-техникалык каражаттар иштебей, тургундар өтө кыйын абалда жашап жатканын айтып нааразы. Шаар тургундары электр жарыгынын мындай абалга кептелишине электр тармагы жакшы иштебей же трансформатордун кубаттуулугу жетпей жаткандыгы себеп болушу мүмкүн.

Баткен шаарынын Тамаша-Жай кварталынын тургундары 2 жылдан бери электр жарыгына жарыбай келишет. Электр жарыгы үчүн төлөмдөрдү убагында төлөгөнү менен чырактай жарык берилип жатканына нааразы.

-Мектепте мугалим болуп иштейм. Мектептен келип дароо чай кылып ичейин десең, чай 2 саатта кайнайт. Күн суук айла жок, сыртта очокко чыгып тамак жасаганга туура келет.

— Бизге караганда айылда электр жарыгы жакшы. Балдарыбыз мектептен келип сабак даярдайын десе электр жарыгы араң эле чырактай болуп жарытып турат. Мындайда жүрөгүн кысылып кетет. Бул көйгөйдү ким чечип берет? РЭТке барсаң, мэрияга бар дейт. Мэрияга барсаң? акча жок дейт. Үйдө электр-энергия менен иштей турган үтүк, муздаткыч, кир жуугуч машиналар иштебей калды.

Мындай көйгөй Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 6 жылдан бери чечилбей келет. Анткени жергиликтүү бийлик трансформаторго чейин чубалгыларды тартып келгени менен турак жайларга жеткен эмес. Анын айынан кыш мезгили жакындаган сайын электр кубаты төмөндөп, кышкысын электр мештерин иштетмек турсун, электр жарыгы араң эле жарык берип турат.

 -Бизде электр жарыгы өтө начар. Анан электр зымдар да жерг жакын болуп, жерге түшөйүн деп араң турат. Үйүбүз да жылыбайт. Балдарыбыз үшүп атат. Жолдошум мамлекеттик жумушта иштейт. Кийим үтүктөш керек. үтүк иштеткенге такыр эле болбойт. Өтө эле кыйынчылык жаратып жатат.

Бул боюнча Баткен райондук электр тармактар ишканасына кайрылганыбызда, көйгөй шаардык мэрияга тиешелүү экендигин айтышты. Жаңы конуштарга толугу менен трансформатор, электр мамыларын орнотуп бергенден кийин гана, аларлдын көзөмөлүнө өтөрүн ишкананын жетечкиси Каланбек Маркаев айтты.

-Жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты каралып линиялар курулуш керек. Анан биздин баланска өткөтүлүп берилгенден кийин гана биз тейлейбиз.

Мындан улам жергиликтүү тургундар талапка жооп бербеген электр мамылары менен чубалгыларын тартып алышкан. Антпесе, такыр эле электр жарыгысыз калышмак. Маселени чечүүгө жергиликтүү бийлик аракет көрбөй жатат дешет.

-Электр чубалгылары өзүңөр көрүп тургандай ачылып да кеткен. Жерге жакын тургандыктан жаш балдар үчүн кооптуулук жаратат. Ошондуктан муну өйдө тартып, сапаттуу электр мамыларын орнотуу керек.

2012-жылы там аркага жер бөлүп берип, тургундарды жайгаштырган шаар бийлиги электр маселесин чечүүгө келгенде бюджети тартыш болуп жатканын айтат. Шаар башчысы Мамыржан Рахимов азырынча көйгөйдү чечүүгө жергиликтүү бюджет аз болгондуктан эч кандай мүмкүнчүлүк жок деп эсептейт.

 —  Биз 100 мамыча, 3 чакырым электр зымын алып, жаңы конуштарга бөлүп берип жатабыз. Жергиликтүү бюджеттен анын баарын карай албайбыз. Негизи колдонуучулардан акчаны электр тармактар ишканасы алып жаткандан кийин алар өздөрү да шарт түзүп бериши керек. Акчаны алып жатышат го. Биз да көмөкчү катары жылына жаңы конуштарга электр энергиясы үчүн 2 жарым млн сомдон акча бөлүп жатабыз.

Жогорудагы маселелерге байланыштуу шаардын Чет-Булак кварталында 6 жылдан бери 800 дөй кожолуктун 100гө жетпегени гана турак-жай куруп көчүп келишкен. Бул тургундар жылдагыдай эле кыштын ызгаардуу сууугунда электр энергиясына толук кандуу камсыз болбогон Баткен шаарынын жана районундагы 4000ден ашуун кожолуктун катарын толуктайт.

Copyright © 2017 Maral FM