Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө коррупция тоскоол болуп жатат

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 609 | 0

Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды тартууга коррупциялык жол менен лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатат.  Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында айтты.

Мамлекет башчысы тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды  тартууга коррупциялык түрдө лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатканын баса белгиледи. Тез арада тиешелүү мыйзамдарга кен иштетүү тармагында ачыктык, адилеттик, атаандаштыкты камсыз кылууга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты. Ошондой эле жаңы өзгөртүүлөр өлкөнүн инвестициялык климатын оңдоого, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы керектигин кошумчалады.

Мындан сырткары Президент кен пайдалануу маселелерин тескеген мамлекеттик комитеттин ишине коррупция канчалык терең сиңип кеткенин далилдеген фактылардын айрымдарын келтирди.

2009-жылдан 2018-жылдар аралыгында бул мамлекеттик органдын беш төрагасына карата кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды жасоо боюнча жазык иштери козголгон. Акыркы 8 жылдын ичинде бул мамлекеттик комитеттин кызмат адамдарына жана жеке ишкерлерге карата 100гө жакын кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM