Биз менен байланышыңыз

Мадуро: Трамп Колумбия мафиясына мени өлтүрүүнү буюрду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 574 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШ президенти Дональд Трамп аны өлтүртүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Ал үчүн Латын Америкасындагы атактуу кылмыштуу топ-Колумбия мафиясына көрсөтмө бергенин кошумчалады. Бул тууралуу ал Риа новости агенттигине берген берген интервьюсунда кабарлады.

Анын пикиринде Вашингтон Венесуэланын башына өзүнө ыңгайлуу кишини алып келүү менен өлкөнүн жаратылыш ресурстарына көз тигүүдө. Бул үчүн өзүн президент деп жарыялаган парламент спикери Хуан Гуайдого ар түрдүү жардамдарды берерин ачык жарыялаган.

Ошондой эле Мадуро өлкөдөгү саясий кризистен чыгуу үчүн кезексиз парламенттик шайлоого барууну кароодо. Бул тараптардын бир пикирге келиши үчүн жакшы жүйө болоруна ишенүүдө.

Ал эми Евробиримдик жана оппозиция талап кылып жаткан кезексиз президенттик шайлоо тууралуу: «Андай мүмкүн эмес. Президенттик шайлоо үчүн 2025-жылды кутүүбуз керек»,-деди.

Эске салсак, Венесуэлагы элдик толкундоолор уланууда. Көтөрүлүшчүлөрдүн башындагы Хуан Гуайдого өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бирок Америка жана Европанын колдоосуна таянган Гуайдо кезексиз шайлоону уюштурууга аракет кылып, Мадуро тараптагы күч түзүмдөрүн өз катарына чакырууда.

Copyright © 2017 Maral FM