Биз менен байланышыңыз

Абдразаков: Ишкер депутаттар акча табууну көздөшөт

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Янв 2019 | 624 | 0

Жогоку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Бейшенбек Абдразаков “Марал” радиосуна берген маегинде бизнес менен бийликти бөлүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин шайлоо кодекстерин өзгөртүү шарт.

«Эл өкүлдөрү округдардан шайланып, элдин алдында отчёт бере тургандай болушу керек. Бизнесмендердин мээси бир жактуу иштейт. Ишкер депутаттар акча табууну көздөшөт. Улуш жол менен кетсек, партиялар Кыргызстандын байлыгын бөлүп алат. Бирөө кен байлыктарды ээлесе, башкасы энергетика жаатын башкарып калат», — дейт Абдразаков.

Ал буга кошумча, ЖКнын депутаттары өздөрүнө керектүү мыйзамдарды чыгарып алып жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM