Биз менен байланышыңыз

Порошенко президенттикке экинчи ирет ат салышат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 635 | 0

Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенко президенттикке экинчи мөөнөткө ат слышат. Бул тууралуу ал «Круттан Брюсселге чейин. Биз өз жолубуз менен жүрөбүз» аталышындагы форумда расмий жарыялады.

«Өлкөнүн жана мекендештеримин алдындагы терең жоопкерчилик сезими мени экинчи мөөнөткө президентикке ат салышуума түрткү берди. Бул жөн гана президентти шайлоо эмес, эл башчысын жана келечекти тандоо болуп саналат»,-деди ал.

Порошенко трибунага чыгып сүйлөгөнгө чейин чоң экранда аны менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү чыгып, «Же Порошенко, же Путин» деген ураан жазылып турду.

Ал Орусия менен мамилеси кандай уланары тууралуу «Тынчтыкты, бирок суук тынчтыкты улантабыз. Согуштан эл тажап буттү»,-деп айтты.

Форумга мамлекеттик аттуу-баштуу кызматкерлер, мурунку президент Виктор Ющенко, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана коңшу мамлекеттерден коноктор катышышты.

Эске салсак, 31-мартта өтүүчү президенттик шайлоого өткөн апта мурунку премьер-министр Юлия Тимошенко талапкерлигин жарыялаган. Алдын ала сурамжылоолор азырынча ийгилик Тимошенко тарапта экенин көрсөтүүдө. Порошенко 2014-жылдан бери Украинаны башкарат. анын президенттик доору Орусия менен оор конфликттердин фонунда өттү.

Copyright © 2017 Maral FM