Биз менен байланышыңыз

Брексит: Мэйдин «Б» планы парламенттен кайрадан өтпөй калды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 633 | 0

Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча Лондон менен Брюсселдин ортосундагы келишимди экинчи ирет парламент жактырган жок. Тереза Мэйдин келишимдин баштапкы вариантына кошкон жети өзгөртүүсүнүн бирөөнү гана жактырган өкүлдөр палатасы премьер-министрди кайрадан биримдик менен келишимди өзгөртүүсү үчүн Брюсселге жиберди.

Эми келишимдин жаңы вариантын эки аптадан кийин парламент добушка коет. Ал дагы жактырылбаса Британия чыгуу мөөнөтүн артка жылдырат же Брекситти кайрадан референдумга салат, болбосо өкмөт отставкага кетиши мүмкүн.

Эми Мэй парламенттин тапшырмасы менен келишимдеги талуу пункт-Түндүк Ирландиянын Евроиримдикте калуусун кайрадан сүйлөшмөкчү. Анткени дал ушул шарт лондондук саясатчыларды нааразы кылып, 15-январдагы добуш берүүдө да кескин четке кагылган болчу.

«Биримдик өзгөртүүлөргө жылуу карабай жатканы белгилүү. Бул оңой иш болбой калды»,-деп билдирди Мэй өзү.

Эске салсак, курамына Уэльс, Шотландия, Англия жана Тундүк Ирландия кирген Улуу Британия королдугу өзү 1973-жылдан бери мүчө болуп келген Евробиримдиктен чыгуу тууралуу референдумду 2016-жылы өткөргөн. Анда шайлоочулардын 51%ы чыгууга макул добушун беришкен. Бирок бул королдукка бир топ оор зыяндарды алып келери маалым болгон соң британиялыктар кетенчиктөөдө. Мэйдин өкмөтү кандай болсо да чыгууну ишке ашырууга аракет кыларын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM