Биз менен байланышыңыз

Кейп Таунда ири өрт чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 541 | 0

Түштүк Африканын Кейп Таун шаарында ири өрт чыкты. 350 метрлик Signal Hill дөбөсүндө пайда болгон өрт кыска убакыттын ичинде жайылып кетти. Жүздөгөн өрт өчүрүүчү жана ыктыярчы топтордун аракетине карабай аны токтотуу мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

Тилсиз жоонун атактуу эл аралык Table Mountain  паркына да чачыраганы кабарланды. Анын эми башка бак-дарактуу аймактарга өтүп кетүүсүнөн кооптонуп жатышат.

Жергиликтүү бийлик тургундардан өрт өчүрүүчүлөргө жардам берүүлөрүн, тамак-аш жана күйүккө каршы крем-майларын жеткирүүгө көмөктөшүүлөрүн суранды.

Азырынча адамдардын өрттөн жабыркаганы тастыкталган жок. Өрттүн чыгуу себебин аныктоо жана өчүрүү иштери уланууда.

Эске салсак, Түштүк Африка  континенттеги актар менен каралардын аралаш жашаган эң өнүккөн өлкөлөрүнөн бири.  Өлкө кургактыктын эң ылдыйкы четинде жайгашкан үчүн туристтерди кызыктыруучу жайлар, жаратылыш парктары жана деңиз зоналары бар. Ири көлөмдөгү минералдык байлыктары бар Түштүк Африка Республикасы дүйнөнүн эң кубаттуу жыйырма экономикасы G20 га кирген жалгыз африкалык мамлекет.

 

Copyright © 2017 Maral FM