Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы былтыр 1 тоннадан ашык баңгизат кармашкан

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 561 | 0

Акыркы 5 жылда кошуна өлкөлөр менен чектешкен жерлердеги жаңжалдашуулар азайганы байкалды. 2018-жылы Кыргызстандын чек ара аймактарында 11 окуя катталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Анда өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасында 7, кыргыз-өзбек чек арасында 4 окуя болгон.

2018-жылы чек ара өткөрүү пункттарында мыйзам бузган жана эрежени сактабаган 554 жаран кармалган. Чек арачылар аткезчилик жолу менен өтүп жаткан 36 млн 460 миң 802 сомдук товарды жана 1008 кг наркотикалык заттарды кармашкан.

Өткөн жылы Чек ара кызматанынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 11 комплекс курулуп, ишке берилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM