Биз менен байланышыңыз

Бразилиядагы кырсыктан мерт кеткендер 58, дайынсыздар 305

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 548 | 0

Бразилиянын Минас-Жерайс районундагы темир рудасын казуучу жайдан чыккан калдыктарды сактоочу дамба чөгүп, баткак сел аймактагы тургундар менен кендин кызматкерлерин каптап кеткен. Өзгөчө кырдаал кызматынын кабарлаганына караганда акыркы саатка карата 58 киши набыт болуп, 305 киши дайынсыз жоголуп жатканы маалым болду.

Кырсык жума күнү 25-январда катталганы менен жанындагы дагы бир дамбанын чөгүп кетүү коркунучунан улам издөө-куткаруу иштери бир күндөн кийин гана башталды. 48 сааттык издөө иштеринен кийин жоголгондордун тирүү табылышынан үмүт азаюуда.

Бразилиядагы эң чоң металлургия компаниясы болгон Vale техникалык эрежелерди сактаганын, кырсык эмнеден болгонун тушүнбөй жатышканын билдиришүүдө. Бирок коопсуздук кызматы компаниянын банктагы 2,9 млрд доллар мүлкүн тоңдурду.

Эске салсак, 2015-жылы аталган компаниянын башка бир шахтасында ушундай эле кырсык болуп, 16 киши көз жумган.

 

Copyright © 2017 Maral FM