Биз менен байланышыңыз

Хуан Гуайдо кезексиз шайлоо качан болорун айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 539 | 0

Венесуэланын парламентинин лидери, озүн убактылуу президент деп жарыялаган Хуан Гуайдо кезексиз президенттик шайлоону алты-тогуз айдын ичинде өткөрүүнү пландап жатышканын билдирди. Бул тууралуу испаниялык «Antena3» басылмасы кабарлады.

Маалыматта Гуайдо өнөктөштөрү менен шайлоону тездетүүнүн жолун карап жатышканын билдирген. Ал үчүн алгач шайлоо системасын толугу менен оңдоп чыгуу зарыл экенин, анткени буга чейинки шайлоолордо бир жаран бир нече жерде катталып, жашоодо жок адамдар тизмеге кирип калгандыгын айтты. «Бир адам-бмр добуш» ирээтин киргизишибиз керек. Аны калыбына келтиргенче ар турдүү саясий кризистер жүз берип кетүүсү мүмкүн. Бирок, түбү жок гуманитардык апаат, ачкалыктан балдардын өлүмүнүн кобөйүүсүнүн алдын алуу үчүн кээ бир тобокелдиктерге барууга мажбурбуз»,-деди ал.

Ал эми бийлик менен сүйлөшүүгө барууга даяр эмес экендиктерин билдирген Гуайдо Мадуронун командасы убакыттан адаттагыдай утканга аракет кылып жатат деп айыптады.

Эске салсак, өткөн аптадан бери Венесуэлада жүз миндеген жарандар президент Николас Мадуронун бийлигине каршы митингдерге чыгууда. Азырынча Мадуронун колунда куралдуу күчтөр бар. бирок Гуайдо аларды элдин катарына кошулууга байма-бай чакырууда.

Copyright © 2017 Maral FM