Биз менен байланышыңыз

Абанын булгануусунан жылына 2,5 миң киши мезгилсиз көз жумууда

Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 798 | 0

Кыргызстанда абанын булгануусунун айынан жылына орточо 2500 киши ажалынан мурда каза болууда. Ошондой эле атмосферадагы кирлердин ден соолукка тийгизген зыяны 1,4 млрд доллар чыгымга учуратууда. Мындай маалымат айлана яөйрө жана ден соолукту сактоо боюнча кеңешмеде айтылды.

Кеңешменин докладына ылайык, абанын булгануусу республикада ден соолукка эң чоң коркунуч алып келүүчү фактор болуп калууда.

Өпкөдөгү өтүшүп кеткен кесел, жүрөктүн кан айлануусунун бузулушу, дем алуу органдарындагы жана өпкөдөгү рак оорулары дал ушул абанын булгануусунан келип чыгууда.

Эске салсак, өзгөчо шаар жерлеринде абанын булгануусу нормадан бир нече эсе ашыкча экени маалым болгон. Ага автоунаанын нормадан көптүгү, ар түрдүу химиялык таштандыларды жагуу жана жылытуу түзүмдорүнөн болүнүп чыккан ис себеп болууда.

Copyright © 2017 Maral FM