Биз менен байланышыңыз

Өкмөт полиэтилен баштыктарын өндүрүүгө жана сатууга мораторий киргизүүнү демилгеледи

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 525 | 0

Өкмөт полимердик материалдардан жасалган буюмдарды баштык, кап, таңгактоочу материалдарды өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүүнү демилгелеп, токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Токтом долбоордун максаты жана милдети —  айлана-чөйрөнүн булгануусунун алдын алуу жана таңгактоочуу полиэтилен баштыктардан пайда болгон калдыктардын көлөмүн азайтуу.

Өлкөдө полимер материалдарынан жасалган баштыктар турмуш-тиричиликте абдан көп колдонулуп, катуу калдыктарды таштоочу жайларда чогулууда. Көп учурларда мындай калдыктар экономикалык жактан пайдасы жок болгондуктан, иргелип кайра иштетилбейт. Бул өз кезегинде курчап турганын чөйрөнүн жана суу объектилеринин булганышына таасирин тийгизүүдө.

Тиричилик калдыктарын сактоочу жайларда азыркы учурда болжол менен 16 млн 409 629 миң тонна таштанды бар. Инвентаризация учурунда калдыктардын болжолдуу морфологиялык түзүлүшү аныкталган. Ага ылайык, таштандылардын 21%ын полимер калдыктары түзөт.

Полимер материалдарынан жасалган таңгактоочу баштыктардын курамындагы заттар жаратылыштын климаттык факторунун таасиринен бузулбайт жана күйгүзүүдө айлана-чөйрөгө диоксин жана фуран сыяктуу туруктуу органикалык булгоочу заттарды  бөлүп чыгарат.

Өкмөттүн «Полимердик материалдардан жасалган буюмдарды калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Кыргызстандын экологиялык коопсуздугун камсыз кылат. Муну менен катар кагаз баштыктарды өндүрүүнү жолго салууну жана курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртууну шарттайт.

Долбоор коомдук талкууга коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM