Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндө мигранттардын саны 260 млнго жетет

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 788 | 1

БУУ маалыматына ылайык бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө мигранттардын саны 260 млн адамды түзөрүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөтүнүн бүгүнкү жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Премьер-министр Абылгазиев миграция чөйрөсүнүн актуалдуу маселелерине кеңири токтолуп, БУУ маалыматына таянып бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча мигранттардын саны 260 млн адамды түзөрүн билдирди.

«Бул дүйнө өлкөлөрүнө жана анын ичинде Кыргызстанга таасирин тийгизген табигый процесс болуп саналат. Миграция кадимкидей эле көрүнүшкө айланды, бирок өз кезегинде биздин жарандарыбыз эмгек мигранты катары көбүрөөк сыртка чыгып жаткандыгы тынчтандырбай койбойт», — деп белгиледи премьер-министр .

Ошондой эле премьер-министр миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу, эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, келип жаткан чет өлкөлүк жарандар тарабынан мыйзамдардын сакталышын камсыздоо жана тышкы миграция жаатында иштеген мамлекеттик органдарынын жоопкерчилигин белгилөө сыяктуу бир канча миграцияга байланыштуу маселелер бар экенин билдирди.

Өкмөт башчы ошондой эле УКМК, ИИМ, ТИМ, ММК, МЧК жана ММК сыяктуу мамлекеттик органдардын миграция маселелери боюнча бирдиктүү системалуу иш алып барбаганын сынга алды.

Жыйындын соңунда  тийиштүү тараптарга тапшырмаларды берди.

1 пикир

1 пикир

  1. Минюра

    28.01.2019 19:48

    Бул аябай актуалдуу тема.Бул жонундо дагы да коп макалаларды жазсаныз, балким биздин бийликтегилер мумкун кобуроок конул буруп, койголорду чечууго аракет кылышаар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM